Мурат Суталиновдун жактооочусу шаар сотуна кайрылды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Комитетинин мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Мурат Суталиновдун жактоочусу Тимур Карабаев Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылганын билдирди.

Мурат Суталинов бул күндөрү абакта жатып онкологиялык дарттын оор стадиясына туш болгон. Тиешелүү дарылоону ал абактан ала албагандыктан, аны бошотуу талабы коюлууда.

15-февралда борбордун Ленин райондук соту Суталиновду эркиндикке чыгаруу маселесин карап, аны абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты