​Мурат Суталиновдун соту 7-майга жылды

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун соту 15-апрелде дагы жылды.

Суталиновдун жактоочулары Майрамбек Жумабеков менен Тимур Карабаев Мурат Суталиновдун дартынан улам сотко келе албаганын билдирди.

Ошондон улам Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын сот отуруму дагы жылып, 7 –майга белгиленди.

Мурат Суталиновдун апасы уулуна карата мамиле тууралуу:

“Бул мыйзамсыздык. Уулумду акырындык менен өлтүргөн жатышат” деп ыйлады.

УКМК экс-башчысы Мурат Суталионв 2010-жылдыг 7-апрелдеги жүздөгөн адам өмүрүн алган кандуу окуяга айыпталып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган.

Абакта жатып, ал рак дартынын акыркы стадиясы менен ооруп калган. Дартын дарыгерлер тастыктап, Жаза аткаруу кызматы бошотуу тууралуу көрсөтмө берип келе жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты