Шамалды-Сайда жол кырсыгы болду
- 5 лет мурун
Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылында жол кырсыгы катталды.
Бүгүн, 30-апрелде, саат 7:30 да бензин ташыган машина менен «Мерседес» кичи автобусу коюшуп кетти.
Кырсыктан кичи автобустагы жургүнчү каза тапты. Кичи автобустагы калган 4 киши жана айдоочу ооруканага жеткирилди.
Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБ Жол коопсуздугу башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жол кырсыгы боюнча иликтөө башталды.
Муну бөлүшүү