​Ишенбай Абдуразаков. Сакура гүлдөгөн маалда

  • 5 лет мурун

Бүгүн—Ишенбай Абдуразаковду эскерүү күнү. Ал 23-апрелден 24-апрелге караган түнү, 2014-жылы 77 жашында дүйнө салган.

Жаздын ушул маалында, жер жүзүндө ал өзү сүйгөн сакура гүлү тегиз гүлүн ачып, айлана-тегерекке жыпар жытын чачып турган кез эле.

Агай өмүр таржымалы үлгүлүү инсандарды сакура гүлүнө салыштырып келген. Өмүрү жаркырап, элге жарыгын чачып, ички да, тышкы да сулуулуктун символу болуп, ар убак адамдарды тамшандырып, таң калдырып, суктандырып өткөндөрдү мисал тартчу.

Ишенбай Абдуразаков да өзү салыштырган ошондой адамдардын катарына турду. Сакура гүлдөгөн кезге тамшанып, суктанып, жан дүйнөбүз тазара түшкөнсүп, агайды эстеп жатабыз.

Айрыкча жандуу аңгеме, баяндарынын бир учугу анын көзү тирүүсүндө айтылса, дагы бир учугу эми ачылууда.

Айрыкча Ишенбай агайдын Жапон жергеси, эли, өзгөчөлүү адамдары тууралуу баяндары ошол он алты жыл ал жакта жашаган мезгилдеги көргөн- билгендеринин, аралашкан адамдарынын жашоосунун мисалында айтылды.

Ишенбай Абдуразаков дипломат, элчи, мамлекеттик жана коомдук ишмер, ойчул, профессор болчу.

Башка жакты аваз кылса да, өзүнүн кыргыз элин ар убак көкөлөтүп келди. Анын:

“Мен дүйнөнүн жарымын кыдырдым. Жапонияда он алты жыл жашадым. Кыргызча айтканда, барбаган жерим калбады. Кайда барбайын, көргөн жерди, кезиккен элди өз элиме, өз жериме салыштырган өнөкөтүм калбады” деп айткан.

Анын жан дүйнөсү адабиятка, поэзияга да жакын болгон. Жапон акын-жазуучуларынын чыгармаларын түп нускасынан которгону да бар.

Эмесе, Ишенбай агай сүйгөн сакура гүлүн карап, анын котормосундагы ырды окуп коёлу.

Фудзивара Но Сюнздей (1114-1204)

***

Бүгүнкү жаздын илеби

Кытайга чейин жетти деп,

Кеп кылат ага-туугандар.

А бирок менин оюмча,

Биздин борбордо гана тургандай.

***

Жамгыр төктү,

Бадал гүлүн аралап

Шамал өттү.

Тоо күкүгү булутта

Үн салат

Жарып көктү.

***

Кайыр кош бол,

Акырет аркы дүйнөгө

Ишенбесең, айла жок.

Кутулбадым азаптан,

Сен да чыда мага окшоп.

***

Эсимден кетпей элесиң,

Карасам асман тарапты:

Булутту жарып экиге

Жазгы нөшөр жаап жатты.

***

Бирде тоңуп,

Бирде кайра жазылат.

Тоо дайрасы аскаларга кысылып,

Таң заарында ый таризде үн салат.

(Бул котормосу Ишенбай Абдуразаковдун көзү өткөндөн кийин “Ой толгоолор”-“Размышления” аттуу китебине жарыяланган. (Бишкек, 2017).

Ал эми агайдын жарым кылымдык өмүр жөнүндөгү ой-толгоосунда өзү жазган ырынан бир үзүм келтире кетели:

“Не кылам, келтире албайм кайра сурап,

Кош болгун, кыраан белим—кайран убак!

Мен кеттим туман баскан белестерге:

Коңур күз коомай карап күтүп турат”,-

дейт муңайым, өмүр тууралуу ой жүгүртүп.

…Жер жүзүндө, Жапон жеринде, Ишенбай агайдын Мекени кыргыз жеринде деле, ушул маалда агай сүйгөн сакура дарагы гүлүн тегиз чачып турат. Агайдын өмүрү да ошондой бир жарк этип жанды, нускалуу кеп кыясын элине калтырып…

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты