Бийлик ээси—жалпы эл (Митингден)

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 23-апрелде, Жогорку соттун алдында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөн Чотоновдун тарапташтарынын митингинде Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Конституциялык укугубуздан пайдаланып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттордун адилеттүүлүгүн талап кылып келгендигин билдирди.

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду:

—Бийлик ээси—эл. Эл өз үнүн кат жазуу, телефон чалуу майнап чыкпаганда, минтип митингге чыгат.

Кечээ Кызыл-Омполдо уран казууну эл токтотту. Элдин күчү—биримдикте.

Биз бүгүн мыйзамдын жогорку күчү орносун деп чыктык. Мыйзам иштеген коомдо гана мамлекет бакубат болот.

Биз бүгүн жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттордун адилеттигин талап кылабыз, -деп айтты Алмамбет Шыкмаматов.

Митингде ошондой эле аймактардан келген активисттер, «Ата мекенчидер» Асия Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев ж.б. сөз сүйлөштү жана сот адилеттигин талап кылышты.

Митингчилер «Текебаевге боштондук! Садыр Жапаровго боштондук! Чотоновго боштондук». «Атамбаев камалсын!» деп кыйкырып жатышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты