​Митингде «Ата-Мекен» жана «Мекенчилдер» партиялары сот адилеттигин талап кылышты

Бүгүн, 23-апрелде, Жогорку соттун маңдайында Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Дүйшөнкул Чотоновдун акталышын талап кылган «Ата- Мекен» жана «Мекенчилдер» партияларынын тынчтык митинги болуп өттү.

Митингге коомчулук, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Жанар Акаев жана экс-депутат Аида Салянова, экс-премьер-министр Темир Сариев ж.б. катышты жана сөз сүйлөштү.

Негизги талап—сот адилеттигин орнотуу

​Митингде «Ата-Мекен» жана «Мекенчилдер» партиялары сот адилеттигин талап кылышты“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаевди, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду, экс-депутат Садыр Жапаровду камактан бошотууну, соттордон адлилетүүлүктү талап кылды:

—Бийлик эл менен эсептешүүсү керек. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов бийликке сын айтканы үчүн, бийликтин өзүм билемдигин токтоткула дегени бийликтеги коррупцияны айтканы, Кумтөрдөгү маселени ачык айтып чыкканы, президентти сындаганы үчүн камалып отурат.

Биздин бүгүнкү талап— сот адилеттигин орнотуу. Президенттен сот реформасын аягына чыгууну талап кылабыз.

Биз бүгүн сиздер менен баарыбыз биригип, үнүбүз, тилегибиз бир жерден чыгып мындан ары соттор мыйзамга гана баш ийип, адилеттик, калыстык менен чечим чыгарылсын деп жатабыз.

Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевге окшогон бийликти кыянаттык менен пайдалангандарга президентке каршы чыккандарды, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сүйлөгөн адамдарды камаганды токтоткула деп талап кылабыз, -деди Алмамбет Шыкмаматов.

«Жээнбеков же элди карайт, же жерди карайт»

​Митингде «Ата-Мекен» жана «Мекенчилдер» партиялары сот адилеттигин талап кылышты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова сотторду жогорудан буйрук күтпөй, адилеттүү чечим чыгарууга чакырды:

— Текебаев Кыргызстанга камалаарын билип келди. Башкалар тескерисинче Европага качып кетет экен.

Сот да, укук коргоо органдары да аларды жоопко тарткан жок. Эл аларга өкүмүн чыгарып койгон. Элдин ою боюнча алар кылмышкерлер.

Ошол эле Атамбаев, Сегизбаев, Жолдубаева… Урматтуу соттор, араңарда таза адамдар бар. Бүгүн силер эч жакка кылчактабай, калыс чечим чыгарсаңар силерди эч ким куугунтуктабайт. Бүгүнкү соттун чечиминен кийин Жээнбеков элди карайт же жерди карайт, -деди ал.

«Кыргызстандын сотторунун 99 % ын жаңылаш керек»

​Митингде «Ата-Мекен» жана «Мекенчилдер» партиялары сот адилеттигин талап кылышты

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев камактагы саясатчыларды коргоо митингинде аларды абактан бошотуу менен бирге соттордун өздөрүн да тазалоо керектигин билдирди:

—Кыргызстанга азыр радикалдуу реформалар керек. Кыргызстанда сотторду оңомоюнча реформа болбойт! Буга окшогон соттордон азыр жетөө камалды деп жатпайбызбы? Кыргызстанда 99% сотторду жаңылаш керек. Адилеттүү мамиле жасап Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Дүйшөнкул Чотоновду чыгарып койгула. Силер Ак үйдөн келген бир телефон чалуудан, бир СМСтен эмес, мобу жерде кылкылдап турган элден корккула.

Азыркы президентибиздин мүдөөсү, ниети ак болсо ушул камакта жаткан саясатчыларды бошотушу керек, -деди Жанар Акаев. .

Провокацияга аракет болду

Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев сүйлөп жаткан учура чогулган элдин арасынан бири тоскоолдук кылып, депутаттар Жогорку Кеңештеги трибунада гана сүйлөшү керектигин айтып чыкты.

Аны «чагымчы» атап, чогулган элден чыгарып кетишти. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин ал келип, өзүн тааныштырып, чагымчы эмес экендигин, Садыр Жапаровдун акталышын талап кылып келгенин айтты.

Митингдин аягында “Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду, Садыр Жапаровду бошотуу, Атамбаев, Сегизбаев, Жолдубаева камакка алынсын” деген резолюция кабыл алышты.

​Митингде «Ата-Мекен» жана «Мекенчилдер» партиялары сот адилеттигин талап кылышты

Соттон адилеттүүлүктү талап кылган эл.

Ырысбү Кылычбек кызы.

Сүрөттөр автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты