Уран кени боюнча Өкмөттүк комиссия түзүлдү

  • 5 лет мурун

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов жетектеген бул комиссияга 20 га жакын киши кирди.

Комиссия иликтегенден кийин маселе өкмөттүк деңгээлде карала турганы кабарланды.

UrAsia in Kyrgyzstan» жоопкерчилиги чектелген коому Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген.

Компаниянын негизги изилдѳѳ объекти— Таш-Булак чачылмасы.
Аныкталган запастары: уран 3,5 миӊ тонна, торий- 8,54 миӊ тонна, фосфор — 10 миӊ тонна, цирконий — 34 миӊ тонна жана титан-магнетит — 1,6 млн. тонна түзѳт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты