Медер Машиев Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Эмил Осмонбетов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары -Кыргыз геология кызматынын директору кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Сүрөттө: Медер Машиев. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү