Жээнбеков Ооганстан министри Раббанини кабыл алды

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде, Афганистандын министри Салахуддин Раббанини кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Биз Афганистандын Президенти Ашраф Ганини июнь айында Бишкекте өтө турчу ШКУга мүчө мамлекеттеринин жыйынында күтөбүз” деди Президент.

Ооган министри Раббани Кыргызстандын Афганистандын позицияларын колдогонуна ыраазычылык билдирди. «

«Афганистан дагы дайыма Кыргызстандын позицияларын колдойт деп ишенсеңиздер болот», — деп белгиледи министр.

Президент Жээнбеков жана Афганистан тышкы иштер министри Раббани аймакта коопсуздукту камсыздоо, ал жактагы этникалык кыргыздарды колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги боюнча маселелерге токтолушту.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты