Кореядагы алдыңкы университетте окуган Айдайдын баяны

Айдай Алмазбекова төрт жылдан бери Түштүк Кореяда билим алып жатат. Ал Korean Government Scholarship Program программасы менен Кореянын Ewha Women’s University университетине, андан кийин Korea University окуу жайына тапшырган. Бизге берген мегинде ал Кореянын алдыңкы университетине тапшыруунун жолдору, чет өлкөдө билим алуунун кыйынчылыктары жана ал жактагы билим берүү системасы жөнүндө айтып берди.

—Эң алгач өзүң жөнүндө кыскача айтып берсең?

—23 жаштамын. Бишкекте төрөлүп-өскөм. 2015-жылдын февраль айынан бери Сеул шаарында окуп жатам. Алгач бир жылдай Ewha Women’s University окуу жайынын тил курсуна барып жүрдүм. Андан кийин Корея университетинин бизнес башкаруу бөлүмүнө тапшырдым. Азыр акыркы курста окуп жатам.

—Кореяда кантип окуп калдың? Атайын программа мененби же өзүң тапшырдыңбы?

—Мен Түштүш Корея өкмөтүнүн Korean Government Scholarship Program деген студенттер үчүн программасы аркылуу тапшырып калдым. Аталган программа аркылуу студенттер Түштүк Кореянын университеттеринде окуй алышат.

Окуу толугу менен программа тарабынан төлөнөт жана ай сайын стипендия берилет. Программага тапшыруу үчүн студенттерге болгон талаптар көп. Биринчи кезекте корей тилин жакшы билүү керек.

Тил билимин текшерүү боюнча TOPIK деген тест бар, анда деңгээли 4 төн жогору болушу керек жана англис тили боюнча TOEFL, IELTS тесттеринен жогорку балл алыш керек. Аттестаттагы 11-класстагы бааларды дагы текшеришет. Ошондой эле өзү жөнүндө жана “Эмне үчүн Кореяда окугум келет?” деген темада дилбаян, студенттик план жазуу керек.

Мунун баары, албетте, корей тилинде болот. Кошумча окууда жетишкендектер жөнүндө грамоталар болсо да жакшы. Мен тапшыргандан бери талаптар өзгөргөн болушу мүмкүн. Азыр корей тилин билген чет өлкөлүк студенттер көп болгондуктан, талаптар дагы катаалдашы мүмкүн.

Кореядагы алдыңкы университетте окуган Айдайдын баяны

—Ошондо сен алдын-ала тил үйрөнүп даярдандыңбы? Кореяда окуу кыялыңда бар беле?

—Ооба, мен корей тилин өзүм окуп баштагам. Интернеттен электрондук китепти көчүрүп алып грамматикасын окуп, сөздөрүн жаттадым.

Анан түзүлгөн база менен тил курсуна бардым. Айтмакчы, курс акысыз болчу. Чет өлкөдө окусам деа кыялданчумун. Ошол убактарда Кореянын маданиятына кызыгып жүргөм. Ошондон улам тилди үйрөнө баштадым.

—Корей тилин үйрөнүү оор деп уктум эле. Сен үчүн кандай кыйынчылыктар болду?

—Бардык эле тилди үйрөнүү жеңил эмес деп ойлойм. Баары адамдын аракетине жараша. Корей тилинин грамматикасы кыргыз тилине эле окшош. Ошондуктан мага жеңил болду. Грамматиканы түшүнсөң эле болду, ал эми сөздөрдү жаттоо гана керек.

Тилди үйрөнүүгө канча убакыт кетиргенимди унутуп деле калдым. Болгону мага кызыктуу болду, ошондуктан үйрөнгөн сайын үйрөнгүм келип жатты. Ошондой эле, Бишкекте корей ресторанында официант болуп иштедим. Ресторандын ээлери, келген кардарлар корейлер болгондук алар менен сүйлөшүп отуруп практика кылдым.

Андан сырткары кореялык теле-программаларды көп көрчүмүн. Алып баруучулардын сүйлөшкөнүн укчумун. Програмалар корей тилиндеги субтитрлар менен чыкат да, бейтааныш сөздөрдү жазып алып, сөздүктөн издеп, анан жаттап калчумун.

Анан дагы корей тилиндеги ырларды угуп гана койбостон, сөздөрүн окучумун.

Кореядагы алдыңкы университетте окуган Айдайдын баяны

Автору: Аим Альчик.

Ошондо мектепти бүтүп дароо тапшырдыңбы?

—Мектепти бүткөндөн кийин алгач Бишкек Гуманитардык университтинде окудум. Анан программа жөнүндө угуп калып, тапшырдым.

—Кореянан билим берүү тармагынан эмнелерге үйрөнсөк болчудай?

—Кореянын билим берүү системасы аябай катаал. Бала бакчадан баштап эле кореялыктар ар түрдүү курстарга барышат.

Анан мектептен баштап дагы кошумча курстарга баруусун улантышат. Анткени, ата-энелер мектепке баруу баланын билим алуусу үчүн жетишсиз деп ойлошот.

Жогорку мектепке тапшыруу кореялык окуучулар үчүн оор мезгил. Ошондо уйкусуз түндөр башталат. Кечки 1-2лерге чейин түрдүү курстарга барышат, анан кайра эле таң атпай мектепке барышат. Анын баары жакшы университетке тапшыруу аракети.

Кореяда SKY системасы бар. Ал Seoul Universit, Korea University жана Yonsei University дегенди түшүндүрөт. Тагыраак айтканда окуучулардын башкы кыялы ушул университеттердин студенти болуу. Анткени алар Кореянын эң мыкты университеттери болуп саналат.

Мен Kорея университетине биринчи жолу келгенде студенттердин окууга болгон умтулуусун көрүп аябай таң калгам. Өзгөчө экзамендер башталганда студенттер жогорку балл алуу үчүн суткалап даярданышат.

Ошондой эле студенттер университеттеги түрдүү кружокторго жазылышат, конкурстарга катышып, кайрымдуулук менен көп алектенишет. Анын баары резюмеге жазылат.

Анткени, Кореянын Samsung, LG, Hyndai сыяктуу алдыңкы компаниялары студенттерин жетишкендиктерине, университеттеги активдүүлүктөрүнө көп көңүл бурушат. Башкача айтканда, төмөндөгүдөй цикл бар: балдар кичинекейинен жакшы мектепке тапшыруу үчүн аракет кылышат, жакшы университетке тапшыруу үчүн мектепте андан дагы жакшы окушат, жакшы компанияда иштеп калуу үчүн университетте жогорку балл алууга аракет кылышат.

Кореялыктар ушундай катаал системага көнүп калышкан деп ойлойм. Бул жакта атаандантык аябай күчтүү. Ошондуктан адамдар жакшы келечек үчүн аракет кылышат.

—Сен үчүн ад жакта кыйынчылык жараткан нерсе эмне оор болду?

—Башында сабактарга катталуу системасына көнө албай кыйналдым. Бизден аябай эле айырмаланып турат. Студенттер уккусу келген лекцияларды, сабактарды өздөрү тандашат.

Аларга катталуу белгилүү бир убакта гана болот. Мисалы, жазгы семестрдеги бир сабакка жазылуу 23-февраль саат 09:00дө болот дейли. Эртең менен саат 09:00дө сайт ачылат. Ошондо бир нече секунддун ичинде катталуучу кнопканы басып калууга жетишүү керек.

Эгерде жетишпей калсаң, сабакка катыша албай каласың. Анткени, орундар чектелүү. Анан дагы экзамендер аябай оор. Өзгөчө кореялык студенттер менен жакшы балл үчүн атаандаш болуу аябай оор.

—Кореяда жашагысы келген адам эмнеге даяр болушу керек?

—Кореяда бизге салыштырмалуу аябай кымбат. Ошондуктан финансы жагынан даяр болуу керек. Ал эми Сеулда жашоо бат темп менен жүрөт.

Баары дайыма бир жакка шашып турушат. Түшкү саат экиде көчөдө жай гана сейилдеп жүргөн кишилерди чанда гана кездештиресин. Ошондуктан, ошого көнүү керек болот.

—Сен окуган университетте чет өлкөлүк студенттер көппү? Кореялык студенттер силерди кандай кабыл алышты?

—Ооба, Казакстандан, Өзбекстандан келген студенттер дагы көп. Акыркы убактарда Европа, Америкадан келген студенттердин саны өстү.

Кореялык студенттер бизди жакшы эле кабыл алышты. Студент үчүн маанилүүсү жакшы билим алуу да. Билимде улут маанилүү эмес. Анын үстүнө менин университетимдеги студенттердин көбү буга чейин чет өлкөдө окуп келишкен. Кээ бир кореялык студенттер мектепти башка жактан бүтүп келген.

Кореядагы алдыңкы университетте окуган Айдайдын баяны

—Ютубда блогуң да бар экен. Катталуучулардын саны 100 миңге жетип калыптыр. Качан баштадың жана ага эмне түрткү болду?

—Видеого тартып баштаганыма аз эле болду. Түрткү болгон чоң деле окуя болгон жок. Бир нерселерди видеого тартканга кызыгып жүргөм, ошентип эле башталып кетти.

—Университетти быйыл аяктайт экенсиң. Андан кийин кандай пландарың бар?

—Университетти аяктагандан кийин жумушка орношууга аракет кылам. Кореядагы компанияда иштеген кандай экенин көрүп, тажрыйба топтогум келет.

—Ата-энең чет өлкөдө окууңа каршы болгон жокпу?

—Жоок, менин Кореянын алдынкы деген университетине тапшырып, өткөнүмө аябай кубанышты.

—Чет өлкөдө окугусу келип жүргөн студенттерге кандай кеңеш бере аласың?

—Эгерде чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгү пайда болсо, эң негизгиси корпош керек. Башында оор болушу мүмкүн, кийинчерээк жашооңордогу эң сонун көз ирмемдердин бири болуп калат. Окугула, умтулгула, ар кандай адамдар менен таанышып, дүйнө таанымыңарды кеңейткиле, бир орунда отура бербегиле демекчимин.

Ырысбү Кылычбек кызы.

Сүрөттөр жана видеолор Айдай Алмазбекованын жеке архивинен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты