Садыр Жапаров: “ЖМК өкүлдөрү интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен”

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров быйыл да жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрбөй тургандыгынын себебин “Кабар” агенттигине берген чакан маегинде айтып берди.   

-Негизи эле курултайдан өткөн маалымат жыйын барбы? Келиңиз мунун чын-бышыгын ортого салып, салмактап көрөлү. Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен.

Ооба, мен деле башында мурдагы мамлекет башчыларындай болуп, журналисттерди чогултуп, маалымат жыйын өткөрүп көрдүм. Жогоруда айтканымдай үч  саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, менин да, журналисттердин да убактысы текке кетти.

Муну азыр деле архивдерди көтөрүп карап көрсөңүздөр болот. Жалпысынан “тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз” деген эле суроолор. Ошондон кийин маалымат жыйынга убакыт короткондун ордуна, коомубузду кызыктырган, резонанс жараткан окуялар боюнча журналисттердин убактысын коротпой эле алдын ала жооп берүүгө аракет кылып келебиз. Буга менин да, журналисттердин да атайын убактысын бөлүүнүн кажети жок болуп калат, -деди президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы ошондой эле  журналисттер кызыктырган суроолоруна курултайдан жоооп ала ала турганын билдирди:  :  

-Ал эми Курултай болсо Конституцияда белгиленген. Ар жылы шайланып келген делегаттарга маалымат беришим керек. Мына ошол жерде өлкөдө эмне иштер жасалып жатат, эмнелер пландалууда баарын камтууга аракет кылам. 2 жылдан бери өзүңүздөр күбө болуп келаткандай, эки күн бою айтылган бардык суроолордон кийин, жыйынтыгында кенен-кесири жооп берип жатабыз. Ошол жерден журналисттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алат деп ойлойм. Ошол жетиштүү деп эсептейм, — деди президент Жапаров.  

Садыр Жапаров быйыл да ЖМК үчүн маалымат жыйыны өтпөй турганын .президенттин басма с\з катчысы Аскат Алакөзов айткан.

Президент Жапаров мындан бир жыл мурда Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек учурунда андан мурдагы өткөргөн маалымат жыйынында берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койгонун билдирген. 

Садыр Жапаров 2022-жылы да жергиликтүү жана чет элдик журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөн эмес. Адатта Кыргызстанда президенттер жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп жана суроолорго жооп берет.

Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген.

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыккан. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты