Бабановдун тарапкерлерине Аянтта митинг өткөрүүгө сот уруксат берген жок

  • 5 лет мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин эртең, 13-апрелде, митинг өткөрүүгө мэриянын уруксат бербей койгону боюнча арызы каралды. Сотто мэриянын чечими туура деп табылды.

13-апрелде, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Саламаттык сактоо министрлигинин иш-чарасы өтөөрү айтылды.

Ортосунда бир саат айырма менен эки бирдей иш-чаранын өтүшү элдин көп чогулушуна жана коомдук тартиптин бузулушуна алып келет деп сот чечим чыгарды.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов эртең Кыргызстанга кайтып келишинин урматына тарапташтары Ала –Тоо аянтында тынчтык митингин уюштурууну көздөгөн.

Мэрия бабановчуларга митингди Горький сейил багында өткөрүүнү сунуштап жатат.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бир жарым жылдан бери чет өлкөдө жүрүп, 13-апрелде Кыргызстанга кайтып келээрин кабарлаган.

Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринде шайлоо өнөктүгү учурунда Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган. Экинчиси—бийликти күч менен басып алууга даярдыгы үчүн айып. Экинчи кылмыш иши токтотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты