​Мирзиёев 3,6 млрд долларлык 27 долбоордун ишке ашырылышын өзү көзөмөлдөйт

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айрым компания жетекчилеринин, ошондой эле Кашкадарья, Самарканд, Сурхандарья, Наманган, Фергана жана Хорезм облустарынын башчыларынын инвестиция маселелери боюнча орун басарларынын иши канааттандыраарлык эмес экенин эскертти.

Президенттин басма сөз кызматынын кабарлашынча, 2019-жылдын биринчи кварталында бөлүнгөн инвестициялык каражаттар өздөштүрүлгөнү менен, аймактардагы айрым компаниялар менен уюмдарда жетиштүү иштер жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл Инвестициялык программанын алкагында (3,2 миң долбоор боюнча) дээрлик 14 миллиард долларлык капиталдык салымды өздөштүрүү пландалууда.Анын ичинен 320 долбоор боюнча 4 миллиард доллардан ашык тикелей инвестиция өздөштүрүү каралган.

Буга байланыштуу мамлекет башчы инвестициялардын өздөштүрүлүшүн камсыздоонун жаңы системасын киргизүүнү сунуштады.

Ага ылайык, тикелей инвестициялардын катышуусундагы бардык долбоорлор төрткө бөлүнүп, ар бири өз-өзүнчө көзөмөлдөнөт.

Биринчи топко быйыл 3,6 миллиард долларлык тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды өздөштүрүүнү караштырган 27 маанилүү стратегиялык долбоор кирет. Алардын ишке ашырылуусу президенттин жеке көзөмөлүндө болот.

Экинчи топ 1,3 миллиард долларлык 65 ири долбоордон турат. Алардын ишке ашырылышын премьер-министр көзөмөлдөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты