Өзбекстанда автогаз толтуруучу станциялар штаттык режимде иштей баштады

  • 2 месяца мурун

Өзбекстанда автогаз толтуруучу станциялардын көбү кайрадан ачылып, штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Хасан Тошхожаев билдирди.

«Жаратылыш газынын басымы нормативдик чекке жеткенине байланыштуу 7-марттан тарта бардык автогаз толтуруучу станциялар кайра ачылат» деди Тошжожаев.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда газ басымынын төмөндүгүнө байланыштуу Ташкент, Фергана, Анжиян жана Наманган облустарындагы автогаз толтуруу станцияларынын ишинде убактылуу чектөөлөр бар.

«Бул аймактарды газ менен камсыз кылууну нормалдаштыруу иштери жакынкы убактарда аяктап, бардык автогаз толутуруучу станциялар штаттык режимде иштей баштайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өзбекстанда күн сууктап, газ басымы төмөндөп кеткенине байланыштуу 18-февралда өлкөдөгү автогаз толтуруучу станциялардын ишине убактылуу чектөө киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты