Өкмөттүк делегациялар кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо маселесин талкуулады
- 2 месяца мурун
4-марттан 8-мартка чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди. Ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Өзбекстанда өтөт.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү