Кыргызстан Өзбекстандан дагы 100 жүргүнчү ташуучу автобус сатып алат

  • 1 месяц мурун

Кыргызстан Өзбекстандан шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташкан Isuzu SAZ LE-60 үлгүсүндөгү 100 автобус сатып алат. Бул тууралуу Кыргызөзбек өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

13-мартта фонддун кеңсесинде Ош шаарынын мэриясы менен лизингдик келишимге кол коюлду. Ага ылайык, фонд Самарканд автоунаа заводунда (SamAuto) өндүрүлгөн жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга каражат бөлөт. Ал автобустардын эсебинен Ош шаарынын коомдук транспорт автопаркы кеңейип, модернизацияланат.

Быйыл февралдын аягында фонд SamAuto өндүргөн Isuzu үлгүсүндөгү 10 жүк ташуучу унааны лизингге берүү тууралуу «Акун» жабык акционердик коому менен келишимге кол коюлганын билдирген.

Spot басылмасынын маалыматы боюнча, 2023-жылы ноябрда Кыргызстандын Туризм комитети менен Туризмди өнүктүрүү фонду SamAuto өндүрүшүндөгү автобустарды сатып алуунун эсебинен Ош шаарынан Өзбекстандын чек арасына чейин кошумча каттамдарды ачуу маселесин талкуулашкан.

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду 2021-жылы 11-мартта Ташкентте өткөн эки тараптуу жогорку деңгээлдеги саммиттин алкагында кол коюлган өкмөттөр аралык келишим менен негизделген.

Фондду башкаруу атайын түзүлгөн кеңеш жана башкармалык тарабынан ишке ашырылат. Кеңеште Кыргызстандын эки, Өзбекстандын үч өкүлү болсо, башкармалыкта Өзбекстандын эки, Кыргызстандын үч өкүлү бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты