​Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тармактык маркетингге, пластикалык операцияга тыюу салды

  • 5 лет мурун

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде чыгарган чечимдеринде тармактык маркетингге, сулуулук үчүн пластикалык операцияга тыюу салды. Ал эми эмдөө ар бир адамдын ыктыярында калышын жактады.

Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва (чечим) менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам тармактык маркетингге тыюу салынды.

Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.

«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариатта жол берилет.‎ Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет» деп жазылат чечимде.

Аалымдар кеңеши №8 чечим менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу байланыштуу эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты