Бишкек шаардык казыятына караштуу диний объектилер текшерилүүдө

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаардык казыяты тарабынан атайын комиссия түзүлүп, шаардагы бардык диний объектилерди текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алкагында диний окуу жайлардын жана мечиттердин имараттарынын жана жер участогунун документтери, санитардык жана өрт коопсуздугунун корутундулары, тазалык жана окуу программалары каралып чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилип жатат.

«Баарына маалым болгондой, өкмөттүн диний объектилерди текшерүү боюнча атайын токтому чыккан. Ошонун негизинде биз ордо калаадагы жалпы диний окуу жайларга, мечит, медреселерге эскертүү бергенбиз. Бүгүндөн баштап комиссиянын курамы менен бүт диний объектилерди текшерип келе жатабыз. Текшерүүдө даярдыгы жок, кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө» деди казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев.

Сүрөт: Мусулмандар дин башкармалыгы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты