Орозо айы качан башталат?

  • 1 год мурун

Быйылкы орозо тутуу айы 23-мартта деп белгиленди. Бирок Айдын чыгышына карап, айтылгандан бир күнгө айырмасы болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.

Ислам шариятында орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Ошондуктан Айдын чыгуусуна карап, бир күн айырма да болуп калары эскертилди.

Орозо айында мусулмандар отуз күн тамактануу режимин өзгөртүп, үч маал тамактануудан карманып, белгилеген убакта “ооз ачып” жана “жаап” турат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты