​Динара Ошурахунова, укук коргоочу: “Биометрикалык маалыматтардын сактыгына кепилдик жок”

Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жарандын уруксаты жок эле колдонуу боюнча мыйзам долбоорун УКМК сунуштады.

Бул боюнча биз укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикирин сурадык:

— Бул туура эмес. Анткени, бул жарандардын конституциялык укугун бузуп жатат. Конституция деген бул — негизги мыйзам. Кыргызстандагы бардык мыйзамдар, бардык мамлекеттик органдар Конституциянын алдында иштейт.

Конституциянын өзүндө “Конституцияга каршы эч бир мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилбеши керек” деп жазылып турат. Эгерде УКМК аны билбесе, парламент дагы аны түшүнбөй кабыл ала турган болсо, алар Башмыйзамды бузган болушат. Демек, алар жоопкерчиликке тартылышы керек болот. Бул биринчиден.

Экинчиден, биз чалгындоо жана башка иштер бар экендигин түшүнүп эле жатабыз. Бирок, бул адамдын жеке маалыматтары. Биометрикалык маалыматтар алына баштаганда эле, биз, “Ошол биометрикалык маалыматтар чогултулгандан кийин, кайда сакталат? Ким сактыгына кепилдик берет? Кайсы мамлекеттик орган жоопкерчиликтүү болот?” деген маселени көтөрүп чыкканбыз.

Бизде жеке маалыматтар боюнча атайын мыйзам бар. Ошол убакта Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турган, укук коргоочу Нурбек Токтакунов ага бул боюнча суроо жибергенде “Туура, биз өкмөт катары ошол мыйзамды жакшы аткара албай, ал орган түзүлө элек” деп жооп берген.

Анан сотко кайрылганда “Атайын орган түзүлсүн” деген соттун чечими чыккан. Бирок, өкмөт ал чечимди аткарган жок. Тиешелүү орган ушул күнгө чейин түзүлө элек. Андан сырткары, УКМК “Биз биометрикалык маалыматтардын сактыгына кепилдик бере албайбыз” деп ачык эле айткан. Бизде УКМКдан баштап эч бир мамлекеттик орган алардын сактыгына кепилдик бере албайт.

Ошондуктан органдардын баары түзүлө электе, биздин конcтитуциялык укугубузду бузуп, жарандардын жеке маалыматтарын колдонууга болбойт. Президент жана парламент ар бир жарандын конcтитуциялык укугун коргоо үчүн шайланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты