​Дональд Трамп Жээнбековду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

  • 5 лет мурун

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Кубанычтуу жана гүлдөгөн Нооруз майрамыңыз менен Сизди, үй-бүлөңүздү жана Кыргыз Республикасынын элин чын жүрөктөн куттуктайм. Америкада жана дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдар бул жаңылануунун жана кайра жаралуунун сонун майрамын бирге майрамдашат.

Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам” деп белгиленет АКШнын Президенти Дональд Трамптын куттуктоо телеграммасында.

Буга чейин Нооруз майрамы менен Сауд Арабия падышасы Салман бин Абулазиз Аль Сауд, Ирандын президенти Хасан Роухани, Кытай төрагасы Си Цзинпинь, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ж.б. куттуктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты