Дональд Трампка өз активдеринин баасын мыйзамсыз көбөйткөн деген күнөө коюлууда

  • 7 месяцев мурун

НьюЙорк соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жана анын үйбүлөсүн алдамчылыкка күнөөлүү деп тапты. Экспрезидент өз активдеринин баасын мыйзамсыз көбөйткөн деп айыпталган.

Тиешелүү токтомду нью-йорктук судья Артур Энгорон чыгарганын Reuters агенттиги жазды.

Нью-Йорктун башкы прокурору Летиция Жеймс экс-президентти алдамчылыкка айыптап, ага каршы 2022-жылы сентябрда доо арыз менен кайрылган. Ага ылайык, Трамп насыя жана камсыздандыруу кызматтарын алууда банктык жеңилдетүүлөрдү колдонуу укугуна ээ болуу үчүн негизги компаниясы эсептелген The Trump Organization’дун активдеринин бааларын он жыл бою туура эмес көрсөтүп келген.

26-сентябрда чыккан сот өкүмү акыркы эмес жана прокурордун жарандык доосу боюнча отурумдар 2-октябрдан тартып улантылат.

Буга чейин Дональд Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, 2021-жылы Капитолийге чабуул коюуга алып келген кутумга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты