​Фирма Кыргызстанга 240 тонна бензинди газохол катары киргизген

  • 5 лет мурун

К.Д.Б. аттуу жоопкерчилиги чектелген коом Казакстандан 240,6 тонна бензинди газохол катары каттап, Кыргызстанга киргизген.

Алардын максаты—салык төлөөдөн качуу болгон.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факт КР Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан мунайзат өндүрүмүн мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө аныкталган.

Күмөндүү мунайзат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайзаттын резервуарында сакталган.

Салык кызматы аталган мунайзаттын түрүнүн, маркасынын ГОСТ боюнча шайкештигин аныктоо максатында, анын үлгүсүн мунайзаттын аккредиттелген текшерүү лабораториясына жөнөткөн.

Лабораториянын корутундусуна ылайык мунайзаттын үлгүсү АИ-92 бензини экени аныкталган.

Азыркы учурда тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Айта кетсек, газохол бул машинанын мотор майы, ал бензин жана этанол кошулмасынан турат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты