Балдарга өзгөчө жагдайда социалдык автобус жардамга келет

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын мэриясы балдар үчүн социалдык автобус жардамын уюштурган.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, социалдык автобус балдар оор жагдайга, зомбулукка кабылганда жардамга келет.

Жыл башынан бери балдар кыйын кырдаалга кабылган 42 учурда жетип барышкан.

Кырдаалга карап, эгер зарыл болсо, балдарды тиешелүү уюмдарга жеткирет.

Автобус өткөн жылы бюджеттик каражатка сатылып алынган. Ал унаа күнү-түнү иштейт.

Эгер балдарга зомбулук көрсөтүлүп жатса, бул телефон номуруна чалыңыздар: ☎: 0770 51 00 15, 0558 77 08 20, 0703 77 08 20.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты