​Миллиардер Усманов Наманганга 50 млн доллар бөлдү

  • 5 лет мурун

Өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер УсмановЖайлуу айыл” программасынын алкагында Наманган облусуна кайтарымсыз 50 миллион АКШ долларын бөлдү.

Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев аталган облуска иш сапарында билдирди.

Президент облустун активдери менен жолугушуу учурунда Наманганда Алишер Усманов атындагы жаштардын бизнес борбору ачыларын маалымдады.

“Ал (Алишер Усманов – Ред.) бул жерде бизнес борбор менен бизнес мектеп ачат. Мында ишкерлер даярдалат. Ал үчүн чет өлкөлүк адистер тартылат”, –деди президент.

USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы акционери Алишер Усманов Наманган облусунун Чуст районунда төрөлгөн.

Forbes Усмановдун мүлкүн 12,5 миллиард долларга баалаган, ал Орусиядагы эң бай ишкерлердин арасында 10-орунда турат.

Өзбекстан президенти 2018-жылы августта Алишер Усмановду орден менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты