​Акылбек Жапаров облустарды бөлүп берүү боюнча сунушун түшүндүрдү

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстандын облустарын дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө бөлүп берүү жөнүндөгү демилгеси тууралуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, бул жерде кеп башкарууну берүү жөнүндө эмес, облустарга гранттарды бөлүп берүү жөнүндө болуп жатат. Депутат белгилегендей, соңку 26 жыл ичинде Кыргызстан 7 млрд. доллар насыя жана 3 млрд. доллар грант алган. Гранттарды өнүккөн өлкөлөр жана Азия өнүктүрүү банкы, Реконструкция жана өнүктүрүү боюнча Европа банкы, Дүйнөлүк банк, USAID, TIKA сыяктуу банктар берген.

Жардамдар ар кайсы аймакка, ар кайсы тармактарга көрсөтүлдү, бирок жыйынтыктар көрүнгөн жок. Биз 3 млрд. доллар кайсы жакка жумшалганын тактап көрсөк, ал командировка, консультациялык кызматтарга, коомдук угууларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, ЖМКга, компьютер сатып алууга, программалык камсыздоого эле кеткени белгилүү болду. Бирдиктүү механизм жок, — деди Жапаров.

Ошол себептүү депутат конкреттүү аймактагы бардык тармактарды каржылаш үчүн ар бир облусту донорлорго бөлүп, байлап берүү зарыл деп эсептейт. Ал мисал катары, Жапония бөлүп берген 628 миллион долларга Баткен облусун өнүккөн аймакка айлантууга болорун айтууда.

Акылбек Жапаров мындай демилге донорлордун өздөрүнө деле кызык болорун, «26 жыл бою алардын айтканын кылгандан майнап чыкпагандан кийин, эми Кыргызстан өзүнүн шарттарын коюшу керек» экенин белгилейт.

Депутат Акылбек Жапаров буга чейин «Марал FM» радиосундагы маегинде «донор мамлекеттерге Кыргызстандын ар бир облусун бөлүп бериш керек» деп айткан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Булак: “Азаттык”

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты