Акылбек Жапаровдун Улуу Британияга сапары жыйынтыкталды  

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Улуу Британияда «Citi Group” эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон менен жолукту. 

“Citi Group” банкы эң ири эл аралык финансылык конгломераттардын бири, финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана таасирдүү активдерди башкаруу чөйрөсүндө дүйнөлүк лидерлердин тизмесине кирген, Акылбек Жапаров Кыргызстан бул багытта узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Өз кезегинде  “Citi Group” эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон, банк тармагында айтылган маселелер боюнча иштешүүгө даяр экенин жана банктын дүйнөнүн бардык аймактарында иш алып баруусу банк үчүн натыйжалуу экенин белгиледи. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен  “Citi Group” эл аралык инвестициялык банкынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. 

Андан соң МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Лондон металл биржасынын Рынокту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Робин Мартин менен жолукту. 

Акылбек Жапаровдун Лондон, Кардифф шаарларына  (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) жумуш сапары жыйынтыкталды.

Жумуш сапардын алкагында эл аралык конференцияларга катышты, ошондой эле Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Сүрөт% МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты