Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кытайга барат

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур (СУАР) автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат.

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы кабарлады.

Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров, СУАР Партиялык комитетинин катчысы  Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары биргеликте «Эркештам-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө. Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат.

Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты