Улуу Британия-Кыргызстан: 8 айда товар жүгүртүү 60 миллион доллардан ашты  

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына болгон сапарынын алкагында Улуу Британиянын тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту. 

МинКаб басма сөз кызматы белгилегендей, Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорлорунун алкагында, адамдык потенциалды чыңдоо, жакырчылыкты кыскартуу, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча Улуу Британиянын Кыргызстанга кошкон салымын жана жардамын жогору баалай турганын айтты. 

Британ тараптын айтымында 2021-2022-жылдары долбоорлор жана программалар аркылуу Улуу Британиянын Кыргызстанга болгон жардамы 5,2 млн долларды түзгөн, мындан тышкары 10,56 млн доллар Кыргызстандын өнүгүүсүнө расмий жардам катары бөлүнөөрү күтүлүүдө. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташууга токтолуп, анда 2023-жыллын 8 айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 60 млн доллардан ашканы, ал 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 480%га өскөнү айтылды. 

МинКаб төрагасы ошондой эле, британ бийлигине Кыргыз Республикасынын жарандарынын Улуу Британияда сезон учурунда убактылуу иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнгө кошкон салымын жогору баалады. 

“Быйыл Кыргызстан үчүн сезон учурунда жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жеткенин канааттануу менен белгилейм жана эки тарапка тең пайдалуу оң тажрыйбаны эске алуу менен сезондук жумушчулардын саны мындан ары дагы өсөт деп ишенебиз” деди ал.

Бул багытта Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сезон учурунда убактылуу иштөөсүн кубаттады. 

Мындан тышкары Акылбек Жапаров 1994-жылдагы кыргыз өкмөтү менен британ өкмөтүнүн ортосунда аба каттамдары боюнча макулдашууга ылайык Лондон менен Бишкектин ортосунда үзгүлтүксүз каттамдар болуп турганын айтып, бирок 2013-жылдын бери каттамдар токтотулганын билдирди. 

Ал эми Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министри Дэвид Кэмерон эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө британ бийлиги кызыкдар экенин айтып, буга чейин жана мындан ары боло турган эки өлкөнүн макулдпшууларынын ишке ашырылышы жогорку деңгээлге чыгаарына ишеним артаарын билдирди.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты