Акылбек Жапаров Түркияда бир катар компания жетекчилери менен жолугушту  

  • 3 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына расмий сапарынын алкагында Түркиянын   “Battal Holding” фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Жолугушуунун жүрүшүндө “Battal Holding” компаниясы жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүү максатында Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну түзүү маселесин карап жатканын айткан Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга жана андан ары Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр экенин билдирди. 

Ал эми МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын аймагынан завод курууга жер бөлүп берүүгө, салык жана электр энергия жагынан жеңилдиктерди берүү сыяктуу ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтып, компания жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түрк фармацевтика жана сыворотка өнөр жай акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

“Battal Holding” компаниясы фармацевтикалык каражаттарды чыгарат. Компаниянын капиталы 21,2 млн доллар.

Акылбек Жапаров Түркияда ошондой эле электрондук коммерция боюнча “Trendyol” логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Компаниянын ишмердүүлүгүн көрүп чыккан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Trendyol” логистикалык борборунун өкүлчүлүгүн Кыргызстандын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына ачууну жана өлкөдө онлайн соода жүргүзүү ишин жандантууну карап чыгуу тапшырмасын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрине берди. 

Түркиянын  “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагынын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен жолукту. 

Чүй, Баткен облустарында бул сыяктуу экономикалык өндүрүш аймактарын куруу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты