Келерки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылат

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келерки жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын билдирди. Бул тууралуу 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайдагы баяндамасында айтты.

«2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Бала бакчалардын профилдери өзгөртүлүп, дагы 122 миң баланы камтыйбыз. Ошондо камтуу 40% жетет. Азыр балдарды 26,4% гана бакчага барат» деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстандагы кыска мөөнөттүү бала бакчалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен уюштурулуп жатат. Бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт. Мындай бала бакчалар эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Өкмөттүн маалыматында, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан экинчи Элдик курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты