Зулушев: Опумбаев менен Жунушалиевге издөө жарыяланган эмес

  • 2 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге карата кылмыш иши козголбогонун жана издөө жарыяланбаганын билдирди.

“Бирок 5-6-октябрда (2020-жылы) болгон окуялар боюнча тергөө жүрүп жатат. Күнөөсү далилденсе жоопко тартылат. Жеке өздөрүнө козголгон кылмыш иши жок жана издөө жарыяланган эмес”.

Белгилей кетсек, 2021-жыл февралда Курманкул Зулушев “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” программасында Опумбаев менен Жунушалиевге издөө жарыяланып, кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты