Зулушев: Адамдын укугу кол тийгис, эркин болушу керек

  • 2 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) соттун чечимисиз жарандарды тыңшоо боюнча мыйзам долбоору тууралуу оюн билдирди.

“Менин жеке оюмда, адамдын жеке жашоосуна кийгилишүү сөзсүз түрдө соттун уруксаты менен болушу керек. Адамдын укугу кол тийгис, эркин болушу керек. Ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кандай максатта киргизилгенин мен таанышып чыгайын. Андан кийин оюбузду билдиребиз”, — деди Зулушев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетине УКМКнын жарандарды соттун чечимисиз тыңшоо боюнча мыйзам долбоору сунушталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты