“Зордуктоого барган мыкаачылар үчүн пробация иштебеш керек”. Депутат Акаев маселе көтөрдү    

Бүгүн, 28-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев оор кылмыш жана зордуктоо менен абакка кесилгендер пробация менен абактан бошонуп кеткен үрөй учурган фактыларды айтып, мындай учурда пробация иштебеши керектигин белгиледи жана мыйзам долбооруна тезирээк өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

-Бүгүнкү күндө 36 жаштагы келиндин кулак-мурду кескиленип, оор абалда ооруканада жатат, коомчулуктун үрөйүн учурган  иш болду. Эми мен сиздерге азыр расмий маалыматты айтсам, таң каласыздар.

Жогорку сот менен пробация департаментинин берген маалыматына караганда, 2022-жылдын башынан бери эле 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер, өспүрүмдөрдү зордуктаган 88 адам абактан пробация менен бошонуп кетиптир, эки жылга жетпеген убакыттын ичинде. 

Зордуктоо, беш берене менен бошонуп кеткендердин саны 100дөн ашыптыр. Алар өспүрүмдөрдү, жашы жете элек, секелектерди зордуктаганы менен, кайра тез арада эле абактан чыгып кетет экен. Бир фактыны айтсам, үрөйүңөр учат: ал ошол пробация менен чыгып кеткенден кийин зордуктаган өспүрүм кызга  кайра барып, кайра зордуктап, кайра боюнда болуптур.   Мына, соттор ушунтип пробация менен бошотуп жатат да.

Менин кайрылайын дегеним, Эльвира Сурабалдиева баштаган бир топ депутаттар биринчи окуудан өткөн кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү сунуштаганбыз. Жалпы палатадан биринчи окуудан өткөн. Ушуну азыр фракциялардын чечимдери менен экинчи, үчүнчү окуудан өткөрүшүбүз керек, анткени соттор мыйзамда ушундай жылчыктарды таап алган.

Мен кат жүзүндө сунуштарымды бердим. Зордуктоого барган мыкаачы, кылмышкерлер үчүн пробация иштебеш керек.  Оор жаза алган боюнча, чыгарууга бөгөт коюшубуз керек,-деди депутат Жанар Акаев.

Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аялдын мурду_ кулагы кескиленгени, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат милицяга келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган.            

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты