Зордуктоого аракети үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголия жараны кармалды

  • 12 месяцев мурун

Зордуктоого аракети үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголия жараны кармалды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, болжол менен түнкү саат 01.00 чамасында, Монголиядан келген чала тааныш жаран аймакта жайгашкан эс алуу жайларынын биринде мас абалында болуп, зордуктоого аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, чала тааныш жаран бетине бир нече жолу колу менен уруп, денесине залал келтирген.

Тергөө-ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Монголиянын 36 жаштагы Я.Г. аттуу жараны кармалган.

Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Райондук соттун чечими менен кармалган жаранга карата, тергөө амалдары жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу чечими чыккан. Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы Я.Г. 31 жашта, Монголиянын жараны Д.Л. экендиги аныкталган. Ал өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле, шектүү Д.Л. мекендешинин паспорту менен Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталды.

Материалдар райондук милицияга катталып, кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) ылайык тергөө иштери башталды.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты