Жыныс алмаштыруу жана карын эне талылуу маселеби? Саламаттык сактоо мыйзам долбоорунун талкуусунан

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи окууда кабыл алынды.

Талкуулоо учурунда депутат Гуля Кожокулова жынысты алмаштыруу менен карын эне Кыргызстанда эң талылуу маселелер сыяктуу, мыйзам долбоорунда бүтүндөй глава арналып, онкологиялык дарттар сыяктуу негизги маселелер саналуу эле беренелерде чагылдырылганын сынга алды:

-Мыйзам долбоору өтө чийки. Жынысты алмаштырууну мыйзам менен чечиш керек беле? Карын эне (суррогат) маселесине бүтүндөй, төртүнчү глава арналыптыр. Ал эми азыркы кезде бизде курч маселе болуп турган онкология дарттарына эки гана берене арналган. Муну кантип түшүндүрүүгө болот?-деди депутат Кожокулова.

Аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Анара Исатаева бул мыйзамды карап жатканда, кошумча каражаттарды талап кылган маселелер чагылдырылбаганын билдирди.   

 “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи окууда кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты