“Жылаңач көчүгүнө кайыш менен чабыш керек”. Феликс Кулов аялга кол көтөргөн эркектерге жаза сунуштады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов аялга кол көтөргөн эркектин окуясына байланыштуу социалдык тармактарда пикирин билдирди.

-Өз кезегинде Чүй облусунун губернатору болуп турганда облустук кеңеш аркылуу аксакалдар сотунун чечими менен айрым укук бузууларга жаза, мисалы аялын сабагандардын өзүн сабоо тууралуу демилге көтөрүүгө аракет жасадым эле. Айрым укук коргоочулар анда бул адам укугун бузууга жатат деп мени дароо эле айыптап чыгышты эле.

Бирок хомо-эректусту (лат. Homo erectus) (жүргөн бир пенде -ред.) хомо-сапиенс (лат. Homo sapiens) (акыл-эстүү жан-ред.) менен окшоштурбаш керек.  Эгер ал адамча айтканды түшүнбөсө, коомдо өзүн талаптагыдай алып жүргөндү билбесе, анда анын акыл-эсине жеткиче,  жылаңач көчүгүнө  бир нече жолу кайыш менен чабыш керек.

Өзүн адамча алып жүргөндү билбегендер башка кишинин укугун бузмак турсун, анын ар-намысына, кадыр-баркына, ден соолугуна залал келтирип жатат, бул ошол кордоп жаткан кишинин укугун бузуу болуп эсептелбейт, -деди Феликс Кулов.

Өткөн дем алыш күнү коомдук жайда аялын сабаган кишинин видеосу тараган (сүрөт видеодон). Бул иш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунда сотко чейинки өндүрүш башталган.

“Жылаңач көчүгүнө кайыш менен чабыш керек”. Феликс Кулов аялга кол көтөргөн эркектерге жаза сунуштады

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты