Аида Салянова 4 күндүк жумуш күнүн сунуштады
- 2 месяца мурун
Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова 4 күндүк жумуш күнүн сунуштады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында билдирди.
—Төрт күндүк иш жумага кандай карайт элеңиз? Бизде, Кыргызстанда, көп өлкөлөр сыяктуу эле 5 же 6 күндүк иш жума. Бирок кээ бир өлкөлөр, алардын ичинде Америка, Улуу Британия, Япония, Исландия, Австралия, Казакстан, Литва жана башка өлкөлөр өздөрүндө ушундай эксперимент жүргүзгөн, төрт күн иштеп, үч күн эс алса кандай жыйынтыктар болот деп. Жыйынтыктар эмгек өндүрүмдүүлүгү өскөн, бир күн аз иштесе да, ал жыйынтыкка таасир эткен эмес . Тескерисинче, эмгек өндүрүмдүүлүгү өскөн. Майкрософт Жапан уюмунда 23 процентке электр энергия үнөмдөлгөн, 40 процентке эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулаган, 60 процент басмага байланыштуу чыгаша азайган. Анткени санариптештирүүгө, тайм-менеджментке көбүрөөк көңүл бурулган. Адамдардын ооруп, жумушка чыкпай калуусу азайган, анткени алар көбүрөөк эс алып жатат, илим-билим, хоббиге, үй-бүлөгө болгон убактысы көбөйүп, жумушка кызыгуусу өсөт. Мен Министрлер кабинетине, Жогорку Кеңештин депутаттарына ушундай сунуш киргизет элем. Муну пилоттук режимде, бир нече уюмдарда киргизсек, анан жыйынтык жакшы болсо, жайылтса болмок. Бул билим берүү, транспорт, тынымсыз иштеген уюмдарга болбойт. Бирок офистерде, интеллектуалдык эмгек менен алектенген мекемелерде иштегендерге эмнеге болбойт? Бул капиталга инвестиция болот, эгер ушундай демилгелерди колдосо,-деди Аида Салянова.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




