Жыл аягына чейин Өзбекстанга 250-300 миң эмгек мигранты кайтаары күтүлүүдө

  • 2 месяца мурун

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке киргизүү эсебинен калкты иш менен камсыз кылуу жана кирешесин көбөйтүүгө арналган видеоселектордук жыйын өттү.

Президент калктын иш менен камсыз болушу жана кирешесинин көбөйүшү эң маанилүү маселелердин бири экенин белгилеп, бардык деңгээлдеги жетекчилерге бул тармакта көңүл кош мамилеге жол берилбеши керектигин эскертти.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, жыйында дагы бир маанилүү маселе катары тартипке салынган жана коопсуз эмгек миграциясы аталды.

Быйыл январдан мартка чейин Өзбекстанга чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн 58 миң киши кайтып барса, апрель айында дагы 57 миң жаран мекенине кайткан. Жыл соңуна чейин дагы 250-300 миң киши кайтат деп күтүлүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Өзбекстанга кайтып келе турган жарандарды иш менен камсыз кылуу жана аларга социалдык маселелерин чечүүгө көмөктөшүү маанилүү экени белгиленди.

Жооптуу аткаминерлердин алдына миграция боюнча бирдиктүү маалыматтык платформа түзүү, аны «жети квартал» системасына интеграциялоо, чет өлкөдө иштеп жүргөн жана оор абалга туш болгон мекендештерге жардам берүү жана өлкөгө кайтып келген жарандарды иш менен камсыз кылуу тапшырмалары коюлду.

Мындан тышкары талкууланган маселелер боюнча аймактардын жана бир катар тармактардын жетекчилеринин отчёттору угулду.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты