Журналисттер жапырт башаламандыкка,  бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбөө чакырыктары боюнча шектелүүдө (Видео)

Тыныстан Асыпбек уулунун адвокаты Замир Жоошев билдиргендей, жалпысынан 11 журналист суракка алынып, баары эле 48 саатка камакка алынып жатат. Журналисттер жапырт башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө чакырыктары боюнча шектелүүдө.

-Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул — оор берене. 48 саатка кармалды. Шектүүлөргө кыска суроолор берилди. Кээ бирлер таңкы саат 7де келишкен экен, ошондо 14 саат болуп калышты, сурактар 2-2,5 саат созулду, ошондо 11,5-12 саат ары-бери эле түшүп-чыгып өтүп кетти.   

Кылмыш иши “Темиров лайф” жана “Айт Айт Десе” платформаларына тиешелүү маалыматтарга байланыштуу, бизге айтылган жок, декабрь айынын аягында болгон окшойт.

Тыныстан Асыпбек уулу мурда “Темиров лайф” платформасында иштеген экен, -деди адвокат Замир Жоошев.

11 журналист 48 саатка камакка алынды. Алар 1. Махабат Тажибек кызы 2. Сапар Акунбеков 3. Азамат Ишенбеков 4. Сайпидин Султаналиев 5. Актилек Капаров 6. Тыныстан Асыпбеков 7. Максат Тажибек уулу 8. Жоодар Бузумов 9. Жумабек Турдалиев 10. Айке Бейшекеева 11. Акыл Орозбеков

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе” жана Temirov Live аталышындагы социалдык тармактардагы баракчалардан жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алган.  

-Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.  

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү менен  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү. Милиция Темиров LIVE долбоорлорунун кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди да суракка алып кеткен.

ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Видео: «ПолитКлиника»

Сүрөт коллажы: RFE/RL

.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты