Журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев көз жумду

  • 2 года мурун

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, айытлуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев 11-апрелде 72 жашында көз жумду.

Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлады.  

Кесиптештеринин айтымында, буга чейин инсульт алып, ооруп жүргөн.

Баратбай Аракеев бир катар эркин басылмаларда иштеп, курч макала, публицистикалары менен таанымал эле.  Жазуучу катары ал социалдык курч окуялуу чыгармаларды көп жазчу.  “Чаңдагы гүл”, “Мен сага өлхм алып келем” ж.б. чыгармалары белгилүү.

Анын сөөгү 13-апрелде өзү туулган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында жерге берилери маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты