Бишкектин Ленин райондук сотунун төрагасы Болотбек Абдуллаев көз жумду
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Болотбек Абдуллаев көз жумду. Бул тууралуу Жогорку сот кабарлады.
Абдуллаев Болотбек 1976-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылында төрөлгөн.
Эмгек жолун 1997-жылы Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кызматынан баштап, 1998-жылга чейин эмгектенген.
1998-жылдан 2001-жылга чейин Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү, улук тергөөчү болуп иштеген.
2001-жылдан 2003-жылга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү жана бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.
2003-жылдан 2008-жылга чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башкы тергөө башкармалыгында тергөөчү жана улук тергөөчү болуп эмгектенген.
2008-жылдан 2013-жылга чейин ИИМдин тергөө башкармалыгында, ошондой эле экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында тергөөчү жана улук тергөөчү болуп иштеген.
2012-2015-жылдары адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенген.
Президенттин 2015-жылдагы жарлыгы менен биринчи жолу жергиликтүү соттун судьясы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жөнөтүлгөн.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна которулуп, 2025-жылдын март айынан тартып аталган соттун төрагасы кызматын аркалап келген.
Эмгек жолунда өзүн принципиалдуу, жоопкерчиликтүү жана жогорку кесипкөйлүккө ээ жетекчи катары көрсөтүп, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылууга зор салым кошкон.
Абдуллаев Болотбек кесиптештеринин арасында терең урмат-сыйга ээ болуп, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү жана ак ниет эмгеги менен айырмаланып турган.
Судьялар корпусу, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери Абдуллаев Болотбектин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтат.
Сүрөт: sot.kg




