Журналист Лейла Саралаева өзүнө кылмыш иши козголгонун бир жарым жылдан кийин билгенин айтты

  • 9 месяцев мурун

Журналист Лейла Саралаева өзүнө 2024-жылы март айында кылмыш иши козголгонун эми гана билгенин Инстаграмм баракчасында билдирди. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык башаламандыкка үндөө боюнча айып коюлган. Анын айтымында, 2024-жылы 6-мартта өзүнө издөө жарыяланган, аны 2025-жылы сентябрь айында гана кокусунан билип калган.     

“Бүгүн адилет тергөө же көз карандысыз сот аягына чейин өчтү. Активисттердин, журналисттердин, акындардын сот иштери ачык эле коркутуу шоусуна айланды. Ооба, бул шоу натыйжалуу болууда, эл коркуп калды. Ал эми мага коюлган айып боюнча айтсам, мен эч кандай кылмыш жасаган жокмун. Болгону Кыргызстандагы абалды сүрөттөп, анализдеп, Конституцияны, мыйзамдарды, коррупция фактысын, сөз эркиндигинин абалынын начарлашын жазып турдум. Менин макала, видеолорумдун биринде да массалык башаламандыкка үндөө жок.  Мага байланыштуу кылмыш иши Темиров-лайв, Апрель ТВ, Канышай Мамыркулова ж.б. журналисттерге токугандай эле, көз көрүнөө коркуткан кылмыш иши» деп жазды Лейла Саралаева.         

“Азаттык” билдиргендей, ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов 1-октябрда журналистке Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу иш ачылганын  айткан. Ага чейин Саралаевага айып коюлганы  тууралуу маалымат ачыкталган эмес.   

Лейла Саралаева  “Новые лица” гезитинин башкы редактору жана негиздөөчүсү, долбоорлордун продюсери. 1995-жылдын ноябрынан 2003-жылдын июль айына чейин — “Дело №…” коомдук-укуктук гезитинин кабарчысы. 2014-жылдан азыркы учурга чейин “Новые лица” гезитинин (www.nlkg.kg)негиздөөчүсү жана башкы редактору. 2019-жылдан бери YouTube’дагы “Новые лица” каналында маектердин жана маалыматтык-аналитикалык чыгарылыштардын автору.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты