Журналист Канат Каниметов УКМКга суракка чакырылганын билдирди

  • 1 год мурун

Журналист Канат Каниметов “Апрель” телеканалынын иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) 1-июлга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактарда кабарлады.

-Мени Бишкекке УКМКга саат 14:30га суракка чакырып жатышат. Бул “Апрель” телеканалынын иши боюнча дешти. Мен “Апрель” телеканалынан туура 2 жыл 8 ай мурда кеткем. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып RFE/RL («Эркин Европа-«Азаттык») иштеп жатам. Борбор Азиялык “Мигрант Медиа” долбоорун жетектейм. 1000 күн болуп калды, бул жакта иштегениме.  Азыр мен “Апрель” телеканалына кандай байланышым бар жана тергөөгө эми  чакырылып жатам? Менин “экс” болгонумдан бери көп убакыт өттү. Эски команда менен эч кандай байланышым жок, достук мамилем да, ишке байланыштуу да мамилем жок.     

Дээрлик үч жылдан бери мен RFE/RL де иштейм, Борбор Азия, анын ичинде миграция маселеси менен алектенем. Мында эч кандай саясат жок, жалаң социалдык маселе, үйүнөн алыста, миграцияда эмгектенгендер тууралуу, Россиядагы полиция рейддери, мигранттар, Украинадагы согуш, хьюман стори, success story жана башкалар.

Биздин команда аймактын 5 тилинде көптөгөн мыкты джигитал сторис даярдап, мүмкүн болушунча сапаттуу иштөөгө аракет кылат – биздин стандарттар ошону талап кылат” деп жазды журналист Канат Каниметов.   

«Апрель» телеканалы 2025-жылдын 4-июлунда Октябрь райондук сотунда карала турган ишке байланыштуу жабылышы ыктымал экенин билдирип, коомчулукка расмий кайрылуу жасады. Бул тууралуу телеканал өзүнүн социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жазды.

«4-июлда прокуратуранын доо арызы боюнча соттук чечим чыгат. Бул чечим кандай болбосун, биз аны аткарабыз. Бирок 99 пайыз ыктымалдык менен чечим биздин пайдабызга чыкпайт», — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.

Телеканал билдиргендей, өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында эле телеканалдын ишмердиги боюнча үч экспертиза жүргүзүлгөн, Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик кызматынын, Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы республикалык психиатрия жана наркология кызматынын экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясынын экспертизасы жүргүзүлгөн. Аталган үч экспертизаннын жыйынтыгы боюнча “Апрель” телаканалынын бардык материалдарында азыркы бийликке карата терс пикирлер орун алгандыгы айтылган.

Сүрөттө: Канат Каниметов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты