Президент Караколдогу балык чарба долбоору менен таанышты
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарба долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, долбоорго ылайык, көлгө коё берүү үчүн чабак жана сига балыктары өстүрүлөт, ошондой эле коммерциялык максатта форель жана келечекте судак өстүрүү каралган.
Ишкана жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүгө эсептелген. Курулуш иштери 2026-жылдын июнь айында башталган жана ушул жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.
Өндүрүш комплексине 33 балык өстүрүүчү бассейн жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоону камсыздаган булганыч заттарды сыртка чыгарбай турган заманбап суу тазалоо системасы кирет.
Ишкана күн панелдеринин жардамы менен электр энергиясы менен камсыздалат. Өндүрүштүн электр энергия муктаждыгы кайра жаралуучу энергия булактарынын эсебинен жабылат.
Долбоор өндүрүштүн балыктын чабагын инкубациялоодон баштап даяр продукция чыгарууга чейин камтыйт.
Бул өндүрүш ички рынокту жаңы муздатылган балык менен камсыздоого, жумуш орундарын түзүүгө, аймактын чарбалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле продукцияны Россия жана Кытайга экспорттоого багытталган.
Сүрөт: president.kg




