Журналист Канат Каниметов УКМКдагы сурактан чыкты
- 8 месяцев мурун
Журналист Канат Каниметов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка кирип чыкканын, бирок сурактагыларды айтпоо тууралуу тилкат бергендиктен, андан эмне тууралуу сураганын айта албай турганын билдирди.
«Сурактагыларды айтпайм деген тилкат бергендиктен, менден эмне тууралуу сурашканын айта албайм. Жалпылап айтканда, башында эле белгиленгендей, иш «Апрель» телеканалы жана телеканалдын контенти тууралуу болду. Канал мыйзамды бузбаганын жана тополоң түшүрүү максатын көздөбөгөнүн ишенимдүүлүк менен айта алам. Тергөөчү өзүн сылык-сыпаа алып жүрдү, ишти кесипкөйлүк менен алып барды, өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыккан жок” деп билдирди Канат Каниметов.
Ошондой эле адвокат Бакыт Автандилге укуктук көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазылык билдирип, ансыз кыйла оорураак болмоктугун кошумчалады.
Журналист Канат Каниметов “Апрель” телеканалынын иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) 1-июлга суракка чакырылганын социалдык тармакта билдирген.
«Мен “Апрель” телеканалынан туура 2 жыл 8 ай мурда кеткем. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып RFE/RL («Эркин Европа-«Азаттык») иштеп жатам. Борбор Азиялык “Мигрант Медиа” долбоорун жетектейм. 1000 күн болуп калды, бул жакта иштегениме. Азыр мен “Апрель” телеканалына кандай байланышым бар жана тергөөгө эми чакырылып жатам? Менин “экс” болгонумдан бери көп убакыт өттү. Эски команда менен эч кандай байланышым жок, достук мамилем да, ишке байланыштуу да мамилем жок. Дээрлик үч жылдан бери мен RFE/RL де иштейм, Борбор Азия, анын ичинде миграция маселеси менен алектенем. Мында эч кандай саясат жок, жалаң социалдык маселе, үйүнөн алыста, миграцияда эмгектенгендер тууралуу, Россиядагы полиция рейддери, мигранттар, Украинадагы согуш, хьюман стори, success story жана башкалар» деп жазган журналист Каниметов.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.
Сүрөттө: Канат Каниметов. Интернет булактарынан




