Журналист Ильич Кулназаров өзүнө кол салынганын айтты   

  • 2 года мурун

Журналист Ильич Кулназаров өзүнө кол салышканын Фейсбук баракчасы аркылуу айтып чыкты.

Белгисиз адамдардын кол салуусу Бишкекте, кечээ, 27-октябрда, болжол менен саат 22:30дарда Редцентр менен ЦУМ соода борборлорунун ортосунда  болгонун билдирди.

Ал кол салгандар кимдер экенин түшүнө албай турганын жана бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын айтты.   

Ошондой эле Ильич Кулназаров Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы менен сүйлөшкөнүн жана иш көзөмөлгө алынганын кошумчалады.    

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши катталды.

Сүрөттө: Ильич Кулназаров. Интернет булактарынан           

             

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты