Журналист Эрлан Сатыбеков каза болду

  • 2 месяца мурун

24-декабрда журналист Эрлан Сатыбеков ишемиялык инсульттан каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын сайтына жарыяланды.

Ал аталган кызматтын басма сөз кызматында 2022-жылдан бери иштеп келген. Эрлан Сатыбеков 1966-жылы 11-октябрда Бишкек шаарында туулган. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Кесиптик жолу 1987-жылы аскер кызматын өтөп келгенден кийин «Кыргызфильм» киностудиясында режиссёрдун жардамчысы болуп иштөөдөн башталган.  “Дело№”, “Эркин Тоо”, Комсомольская Правда-Кыргызстан”, “Вечерний Бишкек” гезиттери менен кызматташкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты