Журналист Болот Темиров канынан анализ тапшырды

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров канынан анализ тапшырды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирген.

Буга чейин ал өзүнө баңгизатка байланыштуу айып коюлуп жаткандыктан заарасынан анализ тапшырып, анализи таза чыккан.

Белгилей кетсек, мындан 10 күн мурун журналист Болот Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

«Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темадагы материалда «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты