Журналист Алишер Саипов эскерилди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-октябрда, Бишкекте 15 жыл мурун киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

26 жашында киши колдуу болгон журналисттин жаркын элесине арналган иш-чарага маркумдун жакындары, журналисттер, депутаттар, Акыйкатчы институтунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара аягында Алишердин апасы Зайнабхан Саипова президентке кайрылуу жасады.

Кыргызстандык журналист Алишер Саипов 2007-жылы 24-октябрда Ошто көчөдө белгисиз бирөөлөрдүн огунан набыт болгон.

Алишер Саипов 2005-жылы Кыргызстанда болгон бийлик алмашууну, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясын жеринен чагылдырган. «Америка добушунда», «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында, «Фергана.ру» маалымат агенттигинде, «Демос-таймс» жана өзү негиздеген «Сиёсат» гезитинде иштеген.

Журналисттин өлүмүнө айыпталып, 20 жылга камалган киши 2010-жылы күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган.

2019-жылы кайрадан уланган тергөө иши токтотулганын 6-сентябрда Башкы прокуратура маалымдаган. Маалыматка ылайык, буга айыпталуучу катары жоопко тартылуучу адамдарды аныктоо мүмкүн болбогону себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты